Чүй облусунун Сокулук районунда 80 жаштагы Вера Зайцева изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 10-август күнү үйдөн чыккан боюнча кайра кайрылып келген эмес.
Дайынсыз болуп жаткан Зайцеванын бою 155-160 сантиметр, арык чырай, чачы узун жана ак.
Кийип жүргөн кийимдери: саргыч боз түстөгү көйнөк, бутунда жайкы бут кийим.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп билген болсо, Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: (0312) 60-75-67, 0-3134 5-33-80, 0558 86-14-86, 0709 35-35-29.