Сокулуктагы өз атасынан төрөгөн 14 жаштагы кыздын окуясы. Оорукананын директору кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Сокулук районундагы Жаңы-Жер жалпы дарыгерлерди практикалоо борборунун директору Медетбек Бостаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, ал учурда министрлик тарабынан каралып жатат.

Бул маалыматты SUPER.KG порталына аталган оорукананын координатору Бактыгүл Мамытова ырастады. Анын айтымында, борбордун директору учурда эмгек өргүүсүндө жана жумуштан бошоо тууралуу арыз жазган.

Медет Бостаев учурда буйрук боюнча эмгек өргүүсүндө. Ал жумуштан бошоо тууралуу министрликке арыз жазып, буйрук чыккан. Анын жумуштан бошогонуна атасынан төрөгөн 14 жаштагы кыздын тиешеси жок”, - деди ал.

Ал эми Медетбек Бостаев окуя боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

"Мен кызматтан кетүү боюнча арызды бир ай мурун жазгам. Ал учурда аталган окуя боло элек болчу. Менин кызматтан кетишимдин аталган окуя менен эч кандай катыштыгы жок. Мен жөн гана жетекчилик кызматтан бошонуп, катардагы эле жумушчу болууну туура көрдүм. Ошондуктан иш ордумду жылдырбайм, ушул жерде эле ишмердүүлүгүмдү жүргүзө берем. Анткени өзүм кесибим боюнча хирургмун", - деди дарыгер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан