Бишкекте жеңил унаа менен автобус сүзүшкөн кырсыкта жаракат алгандардын аты-жөнү такталды

Бүгүн, 9-сентябрда Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө Skoda Octavia үлгүсүндөгү унаа менен автобус сүзүшүп, 4 адам каза болуп, 7 адам жаракат алган. Жаракат алгандар Бишкектин ооруканаларына жеткирилгендигин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 3 адам жеткирилген:

- 1989-жылы туулган Б.А. баш мээси чайкалган, жандандыруу бөлүмүндө. Абалы оор.
- 1960-жылы туулган Б.Г. билеги сынган, абалы орточо оор.
- 20-25 жаштар чамасындагы аты-жөнү тактала элек кыз. Баш мээсинен жаракат алган, эсине келе элек. Абалы оор.
Улуттук госпиталга:
- 1998-жылы туулган Т.Б. баш мээси чайкалган. Абалы орточо оор.
Шаардык балдар клиникасына:
- 2003-жылы туулган Ж.Н. баш мээсинен жаракат алган, абалы орто.

- 2011-жылы туулган М.А. жеңил жаракат алган. Абалы канааттандырарлык.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан