Кечээ, 9-сентябрда Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө Skoda Octavia үлгүсүндөгү унаа менен автобус сүзүшүп, 4 адам каза болуп, 7 адам жаракат алган. Каза болгон балдардын баары 2002-жылы туулганын ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Б.Б., К.А., Ж.Э., А.Б., аттуу жигиттер болушкан. Учурда бул кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө тактап айтканда, Киргизия-2 жаңы конушунун тушунда 2 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталганы маалымдалган.
Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 3 адам жеткирилген. Алар:
- 1989-жылы туулган Б.А. баш мээси чайкалган, жандандыруу бөлүмүндө. Абалы оор.
- 1960-жылы туулган Б.Г. билеги сынган, абалы орточо оор.
- 20-25 жаштар чамасындагы аты-жөнү тактала элек кыз. Баш мээсинен жаракат алган, эсине келе элек. Абалы оор.
Улуттук госпиталга:
- 1998-жылы туулган Т.Б. баш мээси чайкалган. Абалы орточо оор.
Шаардык балдар клиникасына:
- 2003-жылы туулган Ж.Н. баш мээсинен жаракат алган, абалы орто.
- 2011-жылы туулган М.А. жеңил жаракат алган. Абалы канааттандырарлык.