Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында Евро биримдик бөлгөн 35 миллион евронун 32 миллиону мамлекеттик казынаны колдоо үчүн коротулат. Бул тууралуу кечээ, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Билим берүү министринин орун басары Кудайберди Кожобеков билдирди.
Депутат Евгения Строкова бул суммага билим берүү тармагында кандай реформалар боло турганына кызыкты. Кожобеков каржы компьютерлештирүүгө, абоненттик төлөмдөргө жумшала турганын айтты.
"Билим берүүнү өнүктүрүү үчүн гранд албай эле койсок, бул тармактын көз каранды болгону туура эмес", - деди Строкова.
Депутат айым гранттардан баш тартууну сунуштады.
"Мен шок абалында болдум. 35 миллион евро Билим берүү тармагына деп бөлүнсө, анын 3 миллиону эле бул тармакка жумшалат экен. Бул акчанын канчасы билим берүүгө жумшалат, аны айта албайм. Бирок Евро биримдик ал акчаны билим берүүгө бөлгөн", - деди депутат айым.