Араванда өзбек тарап такталбаган жерди тосуп баштаган. Райондун акими абал жөнүндө айтты

Өзбекстандын аскерлери Ош облусуна караштуу Араван районундагы Керкиден суу сактагычынын тегерегиндеги аймакты тосуп алганы Кыргыз тараптын нааразычылыгын жараткан.

Бул маалыматты SUPER.KG порталына аталган райондун акими Курбанбек Айтибаев тастыктап, азыркы учурда абал тынч экендигин билдирди.

"Бул аймакта учурда абал тынч. Кыргыз өлкөсү менен Өзбек өлкөсү алмаштырган жерлер бар. Төө-Моюндагы жерди өзбек тарап тосо баштаган экен. Биз аларды токтотуп, ал жердин тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Эртең дагы бул маселе каралып, тиешелүү маалымат берилет", - деди Курбанбек Айтибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
tular
2019-09-10 21:31:07
Үнкүр-Тоо дагы өтүп кеттиго
+3
bond02
2019-09-10 21:45:23
Биздин жерлерди тосуп алышып тынч отурушат да, а силер абал тынч деп коюп отурасынар, жер аларга отуп кеткен менен ишинер жок.
+4
Muslim_KGstana.
2019-09-10 22:17:02
Соке саткандыр да
+1
Erik2018
2019-09-11 11:33:37
Muslim_KGstana.,Ким сатканын билбейсинго ээ Атамбаев саткан
0
Bektur2011
2019-09-11 18:28:07
Muslim_KGstana.,Бул жер боюнча документке Атамбаев 2016-жылы кол койгон!
+2
pero5184
2019-09-10 22:53:19
Жерди тосуп атса абал тынч экендигин билдиреби?Жер деген эл байлыгы ...
+5
Dembele84
2019-09-10 23:55:09
Токтотуп эле койбостон кирчу жерине киргизбейсинерби озбектерди,биздин жерди тосуп алышыптыр,баары жакшы абал тынч деп элди жоошутпай ишти кыл!
+4
kamaldin
2019-09-11 00:16:38
Араван районуна караштуу Төөмоюн айылдык округу, Керкидан айылы. Ушул айылдын аталышында Керкидан суу сактагычы бар,өзбектер аны мурда эле тосуп алган, каза турган жерин казган. Азыркы талашып жаткан жер тактала элек болгондуктан каза баштаптыр, ал тосулган жакта биздин чоң аталарыбыз жашаган экен, 2 мазарыбыз ошол жакта калып кеткен.
+2
kamaldin
2019-09-11 00:21:30
Ошол көлдүн ордуна Керметоо айылынан адырдан жер берген дейт, биздин айылдын жашоочулары, алмашкан жерге көнбөй, тосулган чек араны кайра ачтырып, көлүбүздү кайра алабыз деп жатабыз буюрса
+3
kamaldin
2019-09-11 00:24:55
Картадан караганда ошол көлдүн 55/45% Кыргызстандын аймагына караштуу,ынсабы жоктор ошол көлдүн 1 чакырым берки жагынан зымын тартып алышкан
+1
kamaldin
2019-09-11 00:28:02
Ошондо көлүбүз 100% + 1 чакырым ата-бабаларыбыз байырлаган жерлер жана 2 мазарыбыз ошолор жакка өтүп кетип жатат. Чоң аталарыбыздын көрүн өзбектер басып жүрөт
+3
Migrant-rf
2019-09-11 03:32:20
Кыргыз бийлиги бүт эле жеп-ичип, тоношту билет, мындай абалда куйруктарын түйүп ийиндерине кача киришет үч тамгалар(((.
+1
temirov76
2019-09-11 11:00:48
Озбек тажик кытайдын зымы жылдырылып Бишкекке жеткенче абал тынч деп отура бергиле.
+3
Jaznura
2019-09-11 11:26:38
Чек арадагы чыр бугун чыга калган жок. Убагында туура эмес саясат жургузгон чыккынчы атка минерлердин айынан болууда. Буюрса эми жылыштар болуп жатат
+1
Erik2018
2019-09-11 11:31:39
Чек араны тактоо узак убакыт чечиле турган турган масееле ошондуктан баары мыйзам чегинде чечилиши керек.
-3
katerina.li
2019-09-11 16:46:57
Араб арибине,латын арибине отуш керек,туалет ондош керек,кресло алыш керек,маараке откоруш керек деген созду токтотуп чекараны тактагыла биринчи
+1
Kroxa
2019-09-11 23:26:11
Баарын кетип калсан бери жыла беришет да 95-жылдары эле Бактияр Токторов ырдачу эле айылымда балдар жана Чалдар калды деп башкасы Россиялап иштеп кеткен деп...балдар Чалдар алы жетпесе кошуналар басып келет да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан