"Кечир мени, Самара!". Дима Билан Самара шаарынын тургундарынан кечирим сурады

Кечээ, 9-сентябрда Орусиянын Самара шаарында уюштурулган концерт учурунда орусиялык ырчы Дима Билан сахнадагы кылык-жоругу менен күйөрмандарын ирээнжиткен.

Анын күйөрмандары социалдык тармактарга аткаруучунун абалын чагылдырган видеолорду жүктөп, сынга алышкан. Билан сахнада чуркап, кол кезеп, микрофон кармаганы менен ырдоону унутуп, башка жакка алаксый берген.

Жергиликтүү жашоочулар бийликтен калаа күнүндө Дима Биланды концертке чакырганы үчүн коомчулук алдында кечирим суроону талап кылышкан.

Андан көп өтпөй ырчы жеке баракчасына "Кечир мени, Самара!" деп жазып, элден кечирим сураганын чагылдырган видеону жайгаштырды. Ал банги затын колдонбогонун, коньякты чегинен ашыкча ичип алганын айтып, Самара шаарындагы күйөрмандарына акысыз концерт коюуну убадалады.

Дима Билан Самара элинен кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
jugorsk
2019-09-10 20:46:15
Көтүнө карап ичта ичет десе эле ичине түшүп албай
+8
bek_tash
2019-09-10 22:24:17
Коньяк эмес бул, дүңк жыттанып атасың го жора)
+2
Kumarchik
2019-09-11 09:23:29
Гопкодук сыйлаш керек карапайым элди Димидрий Билан
+2
baybolot
2019-09-11 12:36:11
Азамат экенсин катанды мойнуна алып кечирим сураган
+8
Tolkun555
2019-09-11 12:44:09
Катаны кылуу бул адашкандык, а катасы учун кечирим суроо бул адамгерчилик.
+7
Jacob.
2019-09-11 15:03:57
Самара десе эле Каримова эсиңе келет кысыталак)))
+15
Bazana
2019-09-11 16:35:28
Бир катасы үчүн көп иштерди бутурот экен Дима молодец, детская площадка, оборудование Жана бекер концерт азамат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан