2019-жылы өтө турган дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндер арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн улуттук курама командасынын акыркы курамы аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирет.
Мелдеш ушул жылдын 14-22-сентябрь күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өтөт.
Аталган турнирде алдыңкы 5 орунду алган спортчулар 2020-жылы Япония өлкөсүнүн Токио шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алышат.
Олимпиадалык салмак чен өлчөмдөрү 50-53-57-62-68 жана 76 килограммга чейин болот.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн кыз-келиндер курамасынан 55 килограммга чейинки категорияда Мадина Надирова, 57 килограммга чейин Нураида Анаркулова, 62 килограммга чейин Айсулуу Тыныбекова жана 76 килограммга чейин Айпери Медет кызы болот.
Башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков.