Бүгүн, 11-сентябрда КСДПнын мүчөлөрү Аскердик прокуратуранын имаратынын алдына топтолушту. Алар камакка алынган "Медиа Форум" имаратындагы партия иш жүргүзгөн бөлмөлөрдү пайдаланууга берилүүсүн талап кылышты. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдап, төмөнкүлөргө токтолду.
Айтымында, КСДП партиясы "Медиа Форумдагы" бөлмөлөрдү ижарага алып отурушат. Мындан тышкары имараттын бөлмөлөрүн ижарага алып иштеткен партияга тиешеси жок башка да ишкерлер бар.
"Негизи имаратты камакка алганда ижарачылардын ишине тоскоолдук жаралбаш керек болчу. Макул, имарат камакка алыныптыр, бирок териштирүү иштери аяктаганча ижарачылар ишин уланта бериши керек да. Партия ижарага бөлмө алып отурат. А бизде эч нерсени эске албай туруп баарын жаап, кайтарууга алып туруп алышты. Партияга мүчө болом деп келгендерди, партиянын айрым бир иштерин бүтүрүүнү жүргүзүүгө орун жок, иштей албай жатабыз. 50 миң мүчөсү бар партия көчөдө калды.
Ушундай абалдан улам 3-сентябрда биз Аскердик прокуратурага бөлмөлөргө киргизгиле деген өтүнүч менен кат жазганбыз. Буга чейин жооп болбогондуктан бүгүн бул жакка келдик. Аскердик прокуратурадан КСДПнын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинаны кабыл алышты. Ал катты кабыл алган мекеме ага 19 күндүн ичинде жооп берсе боло тургандыгын айтып чыкты. Демек, биз 22-сентябрга чейин күтөбүз", - деди Жолдубаева.
Ошондой эле ал КСДП партиясы "Медиа Форумдагы" бөлмөлөрдү ижарага алып отурганына токтолду. Мындан тышкары, имараттын бөлмөлөрүн ижарага алып иштеткен партияга тиешеси жок башка да ишкерлер бар. Бул көрүнүштү ал мыйзамсыз жасалып жаткан иш-аракеттер деп сыпаттады.
9-августта "Форум" имараты жана "Апрель" телеканалы камакка алынганын ИИМ маалымдаган болчу.