Бүгүн, 9-августта "Форум" имаратынын жана "Апрель" телеканалынын мүлкү камакка алынганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
"Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары суракка алынат. Ошондой эле соттун чечимине ылайык "Форум" имаратынын жана "Апрель" телеканалынын мүлкү сотко чейинки өндүрүшкө алынып мүлктөрү камакка алынды", - деп жазылат маалыматта.
"Форум" имаратын атайын даярдыктагы жоокерлер басып алып, кызматкерлердин чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Аталган имаратта "Апрель" телеканалынын кеңсеси жайгашкан.