Араванда бүгүн дагы эл чогулду. Райондун акими анын себебин түшүндүрдү

10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Кыргыз өлкөсү менен чектешкен Араван районундагы Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги аймакты тосуп киргени Кыргыз жарандарын нааразы кылып, эки тараптын пикир келишпестигине жем таштаган. Араван районунун акими аталган аймактын элине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, абал тынчыганын билдирген.

Бүгүн, 11-сентябрда Араван районунун эли аталган аймакка кайрадан чогулду.

Бирок элдин чогулган себебин райондун акими Курбанбек Айтибаев SUPER.KG порталына төмөнкүчө түшүндүрүп, алар өз жумуштары менен топтолушканын айтты.

"Мен бүгүн эртеден бери аталган аймакта жүрөм. Эл ал жерге жөн гана өздөрүнө тиешелүү иштери менен топтолгон. Алардын дыйканчылык иштери чек арага жакын. Учурда абал тынч, эч кандай кагылыштар болгон жок. Биз өз жумушубузду аткарып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Ал жердеги абалды биздин чек ара кызматынын кызматкерлери дагы көзөмөлгө алууда. Аймакта абал туруктуу", - деди аким.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kamaldin
2019-09-11 15:09:30
Аким эмнеге элди алдайсыңар, ал жерде чек арага байланыштуу нараазычылык орун алып жатат
+4
kamaldin
2019-09-11 15:23:21
Менин билишимче аким,айыл өкмөт башчысы ж.б баары Ошто чек ара боюнча жыйналыш өткөрүп жатышат дейт. Анан каяктан эртеден бери эл аралап каякта жүрөт түшүнбөйм
+3
elchi84
2019-09-11 16:15:51
Эптеп абал тынч деп элди басып жатат окшойт ,ангыча озбектер чек араны тосуп алсын деп.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан