Ырчы Кыздаркан Келдибекова кыздуу болду. 12 саат толгоо тартканын айткан ырчы абалы жакшы экенин айтып буларга токтолду.
"Кечээ, 10-сентябрда эртең мененки саат 08:10до борбордогу төрөтканалардын биринде көз жардым. Кызымды боорума алганда 12 саат бою толгоо тартып, кыйналганымды унутуп койдум. Кызымдын салмагы 3 килограмм. Боюнун узундугун эстеп калган жокмун. Буюрса, эртең төрөтканадан чыгабыз.
Ал эми ысымды чоң атасы, чоң апасы коёт. Азырынча кандай ысым ыйгарарыбыз чечиле элек", - дейт ал.
Ырчы ушул жылдын февраль айында 4 жылдан ашык убакыт сүйлөшүп жүргөн мырзага турмушка чыккан.
Ал "Ак тилек", "Телефон чалып тур", "Ойлодуң бекен?", "Сүйүү жазы" жана башка ырлары менен таанымал.