Якутияда зордуктоого шектелген Кыргыз жарандарына соттун өкүмү чыкты

Якутияда жергиликтүү кызды алып качып, кийин зордуктаган деген шек менен кармалган жарандарга соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө башкармалыгынан билдиришти.

Ушул жылдын март айында Якутск шаарынын тергөө кызматы зордуктоо фактысы болгонун тастыктап, шектүү катары 3 жаран кармалган. Кармалгандардын бири Кыргыз жеринен барган адам экенин жана күнөөсүн моюнуна алганы кабарлаган. Бул окуя Якутияда чоң резонанс жаратып, жергиликтүү тургундар митингге чыгышкан. Мигранттарга болгон текшерүү күчөп, аларды жумушка алууга тыюу салынган.

Орусиянын Якутск соту бул кылмышка шектелген 3 жаранды "киши уурдоо", "зордуктоо", "адам өмүрүнө кол салуу", "адам сатуу" жана "каракчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 10-сентябрда ар бирине өкүм чыгарды. Күнөөлүүлөрдүн бири 14 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Калган экөө 4 жана 6 жылдан эркинен ажыратылып, жазасын жалпы тартиптеги абак жазасында өтөшөт.

Соттун чечими мыйзам күчүнө кире элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Anti-S
2019-09-11 21:45:45
Паспортко улут деген графаны киргизиш керек. Кыргыздын атын булгап жатышатозбек и тадик улуту бирок кыргыз жараны болуп алышкандар.
+13
Take_men
2019-09-11 22:42:13
Мм..якуттар эмне кылаар экен эми колуң менен кылганды мойнуң менен тарт
+2
Kroxa
2019-09-11 23:09:56
Жон журбойт го.. Кыргыздар жаман жактарыбыз менен таанылып буттук дуйно жузуно...
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан