Биз социалдык тармакта

20-сентябрдан тарта коомдук транспорттор жол кирени электрондук билеттер аркылуу кабыл ала баштайт

Бишкек шаарынын тургундары 20-сентябрдан баштап коомдук транспорттордогу төлөмдөрдү электрондук карта аркылуу ишке ашырат. Тагыраагы, алгач 10 автобус жана 10 троллейбус электрондук төлөм системи аркылуу иштейт. Мындай маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Белгилүү болгондой, мектеп окуучулары үчүн аты көрсөтүлгөн карточкалар жасалат. Автобус жана троллейбус каттамдарын пайдалануу үчүн карточкалар октябрь-ноябрь айларында берилет. Ал эми 2020-жылдын февраль айынан тарта маршруттук каттамдар үчүн бериле баштайт.

Электрондук систем үчүн карталарды даярдоо тендерин "BPC" швейцариялык компаниясы утуп алган. Бүгүнкү күндө компания карточкалардын пилоттук үлгүсүн көрсөттү. Карточкадагы жазуулар кыргыз жана орус тилдеринде болот. Бир карточканын баасы 50 сом. Ал эми окуучулар үчүн бир карточканын баасы 1 айга 175 сомду түзөт. Окуучулар мектепти аяктаганга чейин бир эле карточканы колдонот. Эгер жоготуп же кандайдыр себептер менен жараксыз кылып алган болсо 50 сомго жаңысын ала алат. Карточкадагы балансты толуктоо Pay24 терминалы аркылуу жүргүзүлөт.

Андыктан мэрия ата-энелерге балдарынан жеке маалыматтарды алуу учурунда түшүнүү менен мамиле кылуусун суранат.

Бишкек шаардык кеңешинин №312 токтомуна ылайык, 7 жашка чейинки балдарга, пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, почточуларга транспорттук каттамдарда акысыз жүрүү тартиби сакталат. Аларга карточкалар акысыз берилет.

Ушул жылдын 25-февралында Ош шаарында коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган систем ишке кирген. Ал эми 28-февралда Ош шаарындагы троллейбустар толугу менен автоматтык тейлөөгө өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sakubek
2019-09-12 08:33:10
Терминал Pay24 рулит
0
Bars88
2019-09-12 08:36:47
Мен дагы арзан болот окшойт окуучуларга деп ойлопмун.Жемей экен да.175сом окуучулар бир айда 20жолу барып келсе 9сомго жакын болот экен.Автобус 8сомдон ар бир кишиден 50 сомдон жешет экен да картага
+1
mister
2019-09-12 09:09:14
Bars88,туура эле эсептегенсин болгону ошону экиге кобойтуп кой. Сеники барган боюнча келбей калат экен...
+6
KUMKA
2019-09-12 09:13:05
Ош шаардык мэриясыныкы реклама кылып шоу кылган боюнча ишке ашпай калып кеткен.

+2
KG.Kushtarbek
2019-09-12 09:25:41
Эрте мн жагымдуу жанылыкко пенсионер мумкунчулугу жеткендерге Бесплатно соз жок
0
altyn-kumush
2019-09-12 09:51:33
Оштогу автобус,троллейбустарда бул тейлөө абдан жакшы иш алып барып жатат. Эми Бишкекте да мындай иш-чара ишке ашса шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шар түзүлмөк.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан