11-сентябрда Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин кароо учурунда депутат Алтынбек Сулайманов латын арибине өтүү демилгесин көтөрдү. Шаар тургундары латын арибине өтүүнү колдойбу же жокбу? Сурамжылоого назар салыңыз.
"Өзүбүздүн арипте эле калтырып коюшса жакшы болмок, эне тилибизде сүйлөгөндөр азайып жатат".
"Буга чейин деле угуп жүргөм. Азыр Казакстан деле өтүп жатпайбы. Өтүп койсок боло берет, бирок жыйынтыгы кандай болот экен билбейм".
"Эми мындан башка деле көйгөй толтура да, өзүбүздүн арипти эле калтырып коюшса туура болмок. Менин көз карашым ушундай".