Парламентте маданият мекемелериндеги оңдоп-түзөө иштери жакшы жүрбөгөнү айтылды

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сагындык Келдибаев Бишкек шаарындагы маданият мекемелери оңдоп-түзөөдөн өткөнү билинбей жатканын айтты.

"Акыркы мезгилде эл аябай эле саясатташып кетти. Балдардан баштап аксакалдарга чейин саясатты сүйлөшөт. Биз элди маданиятка тартышыбыз керек. Маданият үйлөрүн оңдоп-түзөгөнгө 198 миллион сом бөлүнгөн. Кыдырып чыктым. Ремонт болгону байкалбайт. Акча эмнеге жумшалганы белгисиз. Мамлекеттик тарых музейи бүгүнкү күнгө чейин ачылбай жатат. Туристтер кайсы жакка барышат?", - дейт Келдибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан