UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз мушкердин кийинки атаандашы канадалык Жорж Сен-Пьер боло турганын айтты. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.
"Тони Фергюсондун тилеги орундалбайт. Хабибдин кезектеги атаандашы Жорж Сен-Пьер болушу мүмкүн. Мелдеш Тонинин эмес Хабибтин чечимине байланыштуу болот”, - деп билдирген Абдель-Азиз.
Ал Сен-Пьерди UFC уюмунун атактуу мушкери экенин жана Нурмагомедов экөө бири-бирине дал келе турганын кошумчалаган.
Буга чейин UFC 242 турниринин алкагында Хабиб Нурмагомедов америкалык Дастин Порьени жеңип, наамын коргоп калган.
Андан көп өтпөй UFC уюмунун президенти Дан Уайт орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун кезектеги атаандашы америкалык Тони Фергюсон боло турганын айтып, Фергюсон Хабиб менен мелдешүүгө каалоосу күч экенин билдирген.