"Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи баскычында адамдын жүзүн таануу функциясы менен 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулду. Мындай маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Антикоррупциялык кеңештин жыйынында айтты.
Өкмөт башчы Бишкекте аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан тилкелерде жол кырсыктарынын 46,9 пайызга азаюусу байкалууда. Тактап айтканда, 2018-жылы каттоого түшкөн 81 жол кырсыгына салыштырганда 43 учур катталган. Ошондой эле жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 51,8 пайызга кыскарган же 2018-жылы жол кырсыгына кабылган 108 адамга салыштырмалуу 52 жаран учураган.
Чүй облусу боюнча дагы ушундай эле жагдай. Мында жол кырсыктарынын жана жараат алгандардын санынын кыскаруусу байкалат. 2018-жылы 4 авария жана 6 жабырлануучу катталса быйыл 2 жол кырсыгы жана 3 жабырлануучу катталган.
"Ушунун негизинде бул тилкелерде авариялуулук азайып, жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын саны реалдуу түрдө гана кыскарбастан, коррупцияны алдын алуу, унаалардын жана жөө адамдардын кыймылын уюштуруунун жакшырышы орун алды деп эсептейбиз. Учурда "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи баскычын жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүрүүдө. Ал республиканын бардык 7 облусунун, республикалык маанидеги 2 шаардын, 15 облустук жана райондук маанидеги шаардын, өлкөнүн 73 калктуу пунктунун аймагын камтышы керек", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.