Гүлнур Асанова Бельгия жана Германияда чыгармачылык кечесин өткөрөт

Саналуу күндөрдөн кийин салттуу музыканын алып жүрүүчүсү, комузчу, актриса Гүлнур Асанова Бельгия жана Германияда жеке чыгармачылык кечесин өткөрөт. Ырчы концертте сүрөт көргөзмө дагы орун аларын айтат.

Концерт 17-сентябрда Бельгияда, 21-сентябрда Германияда өтөт.

"Негизи чыгармачылык кече Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган. Мындай иш-чараны өткөрүүнү Кыргыз-Герман фонду сунуштаган. Буюрса, концертте 1 саат бою комузда гана кол ойнотуп, комуздун коштоосунда жандуу үн менен чыгармаларды аткарам. Комузумдун добушу буга чейин деле дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө жаңырган. Бирок ошол учурда мага берилген убакыт тардык кылчу. Эми бир саат бою комуз чертип, көксөөмдү канааттандырам деп сүйүнүп жатам.

Ал эми сүрөтчү Айбек Ишенбековдун сүрөт көргөзмөсү кечени кооздойт. Анын көздүн жоосун алган эмгектери чет мамлекеттин жашоочуларынын купулуна толот деп ишенем", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
karona12
2019-09-12 16:10:50
Кайсы чет мамлекеттик корот,баягы эле биздин кыргыздар барат.
0
akmanai
2019-09-12 22:24:33
karona12,Биздин кыргыздарга караганда Европа элдери искусствону, онорду кобуроок баалай алган эл болушат. Мэнимче суротчунун эмгегин коргону барышып, комуздун добушуна тамшанып кайтышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан