Кыргыз өкмөтү Керкидан суу сактагычын Өзбекстан менен алмашты

Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жумушчу тобунун делегациясы Ош облусунун Араван районуна барышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1962-жылдын 29-майындагы, 1964-жылдын 14-сентябрындагы, 1970-жылдын 14-сентябрындагы токтомдору менен Керкидан суу сактагычынын обьектилерине Ош облусундагы Араван районундагы чарбалардын 1041 гектар жери берилген. Өзбекстан өз кезегинде Керкидан суу сактагычы каптап калган жердин ордуна Кыргыз тарапка 1041 гектар жерди берүүгө тийиш болгон.

1972-жылы Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жер берилген.

2017-жылы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча татаал, узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен, Өзбекстан Кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация кылган: Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар жер). Керкидан суу сактагычынын жалпы аянты 1041 гектарды түзөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
kamaldin
2019-09-12 19:14:52
Элди алдады дагы бир жолу. Бул Үзөңгү-Кууш, Каркыра сыяктуу дагы бир канча чиновниктин башын жеп,түрмөгө тыгат. Себеби эл менен эсептешпей,жашыруун алмашып койгон
+15
Jango
2019-09-12 19:33:06
Мен билгенден Атамбаев Озбекстан тарап менен ото катту суйлошуу жургузуп каттуу талаптарды койуп жургон убагында даже жалалабад да ушундай корунушто айткан созу бар даже согушканга чейин барабыз деген жер учун
+8
PROS
2019-09-12 19:44:31
Jango,ооба сага!!! Аксыга өзбек аскерлери БТР менен киргенде бутылкага башын тыгып жатып алган го, же ак же көк дебей!!!
+1
gute
2019-09-12 19:50:47
PROS, Сен эмне бутылкага башын тыгып алганын кордун беле же жанында белен?
Ар кайсыны суйлой бересинби суйлойт десе эле
+4
al-abu-kinesz
2019-09-13 09:25:45
gute, Бутылкага кирип алганы учун да чече албай канча кун озубуздун жолдон паспорт менен отуп калдык го ошол учурда!? Аран дегенде блок постторду алдырышты го? (ким билет кандай условие менен сулошуу жургузулгонун). Ошол окуяда Озбекстанга чектеш айылдардагы озбектер аябай эле дердейип кетишкен ахыбалынар ушул экен го дешип.
0
al-abu-kinesz
2019-09-13 09:19:55
Jango, аша Ташкентке иш сапары менен барып Мирзиеев менен жолукканда озбектердин ысык пловуна алданып мындан ары Нарын дарыясына ГЭС курууда Озбекстандын да пикирин эске алабыз (уруксаты) деп балп этип суйлоп койгон. Аны сразу озбектер создон кармап кол койдурганга жетишкен. Сен уктаап жатканда ашакен ошондой движениелерди кылып жургон!
0
Sabette
2019-09-12 19:36:26
Мен тушунбой турам неге биздин жерге Өзбекстан суу сактагыч куруш керек озубуз курсак болбойбу, анда ысык-колдуда бергиле ордуна какыраган эч нерсе өспөгөн жеринен берет!!!
+7
barsbegKG
2019-09-12 21:08:06
Sabette,айланайындарым тарыхтан билим алгылачы СССР деген чоң өлкөдө жашаганбыз баарыңар билтм деңгээлиңер жок.
-2
Sabette
2019-09-12 19:40:35
Патриоттор барбы ушуну тактап аракет кылалы жерибизди кайтарып алалы бул жерлерге ата-бабабыздын каны тогулгон жанын берген биз жөн гана берип койуп жатабыз!!!!!
+7
elchi84
2019-09-12 19:43:18
Кысксын айтканда мында да биз утулуппуз да.Биздин чондор акчасын алып эле элди кантип алдамай болуп калды озу.Озбекистиан бизге жер бергенин корбодумго ушул маалга чейин.
+6
oSporte
2019-09-12 19:49:33
Ске асылбектин кылганы бул
+10
Bekturbek
2019-09-12 19:55:28
Жер маселеси мурдатан бери бар проблема.
-1
katerina.li
2019-09-12 19:59:59
Нарынды Кытайга. Чуй,Талас ,Ысык кол казактарга,калган жерди озьектерге бергиле
+7
oSporte
2019-09-12 20:57:53
katerina.li,Баткенди Таджикистанга
+4
Patirot
2019-09-12 20:40:03
Сулуу жерди берип кайракы суу барбаган эгин оспогон жерди берди да
+5
Dembele84
2019-09-12 20:54:13
Дагы утулуппуз,оозду ачып отургуча озбектер Уруп кетти суу сактагычты.Ким кол койгон,Ким суйлошкон срочно турмого!
+5
barsbegKG
2019-09-12 21:10:43
Dembele84,Билим деңгээлибиз малика анжелика аселдердикиндей эле да. Туман башта эч нерсе жок.
-3
senchi
2019-09-13 11:02:34
Dembele84,кошулам
0
Kylychisa
2019-09-12 21:18:40
билбей эле суйлой бербегиле
-3
mister_akkuu
2019-09-12 22:17:40
Ушуларды ким текшерет? Суусу бар,кооз жерди какыраган бир талаага алмашканын ким билет? Келечеги жок мамлекет негизи Кыргызстан
+5
al-abu-kinesz
2019-09-13 09:30:15
Озбектер оною менен стратегиялык маанилуу обьекттерди колдон чыгарбайт. Ункур тоону ачык эле алдырдык го? Алар Кыргызстанга тийешелуу обьекттерди талашат да суйлошуулордо бироосун калп эле берген болуп экинчисин алып коет. Анан биздикилер зато башка жер бизде калды деп ураа деп кала берет...
+1
senchi
2019-09-13 11:04:08
Жерди кайтаргыла чоң көтөрүлүш кылалы туугандар,элдерди лох көрүп жатабы чондор. Жерди кайтарып алалы.
+2
senchi
2019-09-13 16:39:54
Латын тамганар менен силердин Ошто чек ара маселеси болуп жатса борбордо латын тамгасы менен алек торт бутту адамдар. Соке жерди кайтар болбосо өзүбүз кайтарабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан