9-сентябрда Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө Skoda Octavia үлгүсүндөгү унаа менен автобус сүзүшүп, 4 адам каза болуп, 7 адам жаракат алган. Аталган жеңил унаа үйлөнүү тоюндагы кортежде болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жол кырсыгын иликтөөдө ушул жылдын 9-сентябрында Skoda Octavia үйлөнүү тоюндагы кортежде болуп, андан артта калып калган. Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыгып кетип автобусту сүзүп алган.
Азыркы тапта жол кырсыгынын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.