"Абалы жакшырууда". Кой-Таштагы окуяда жабыркап комага түшкөн Чүй ОИИББинин башчысы башка ооруканага которулду

Кой-Ташта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жабыркаган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов Москвадагы Николай Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунан башка жайга которулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Ага ылайык, аталган борбордогу дарыгерлер Курманкуловдун ден соолугун калыбына келтирүүдө оң таасир берет деп, бейтапты ошол эле шаарда жайгашкан ооруканалардын бирине которушкан.

"Курманкулов калыбына келтирүүчү борборго 12-сентябрда жеткирилди. Ал мындан аркы дарылануусун аталган ооруканада улантат. Бирок дагы ден соолугу калыбына келиши үчүн убакыт талап кылынат. Учурда мурункуга салыштырмалуу анын абалы жакшы", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bektur2011
2019-09-13 14:39:10
Байкуш киши Атамбаевди кармайым деп өмүр бою ден соолугунан ажыратылды. Эми анын убалы кимге?
+1
oSporte
2019-09-13 16:11:29
Bektur2011,Сокеге
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан