"Моя прекрасная няня" сериалы аркылуу белгилүү болгон орусиялык актриса Анастасия Заворотнюк акыркы стадиядагы баш мээнин шишиги менен жабыркап жатат. Ал учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулганын чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, актриса Европадан келгенден кийин ден соолугу начарлап, Москвадагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Азыркы маалда бейтап дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө. Ал эми актрисанын жолдошу Пётр Чернышев күнү-түнү ооруканада. Дарыгерлер медициналык кароо жасагандан кийин актрисага акыркы стадиядагы баш мээнин рагы деген диагноз коюшту.
Анастасия Заворотнюк 2018-жылы кыздуу болгондон кийин онкологиялык дартка кабылганы белгилүү болгон. Мындан улам ал Польшага барып дарыланып келген, бирок андан көңүл жубатарлык жыйынтык болгон эмес.
Буга чейин актриса ракка кабылганы тууралуу кептер тарап, бирок Заворотнюк ден соолугу тууралуу билдирүү жасаган эмес.
Анастасия Заворотнюк 1971-жылы Астрахань шаарында төрөлгөн. Ал "Айка", "Машенька", "Служебный роман", "Мамы" жана башка тасмаларда жана бир нече сериалдарда роль жараткан.