Улуттук көчмөндөр оюндары өтө турган Талас облусунда көчмө жыйын өттү

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 2019-жылдын 16-21-сентябрь күндөрү Талас облусунда өтө турган Улуттук көчмөндөр оюндарына карата даярдык боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алтынай Өмүрбекова "Манас Ордо" улуттук комплексинин аймагын жана мелдештер өтө турган Талас шаарындагы ат майданды көрүп чыкты.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев вице-премьер-министрге жүргүзүлгөн даярдык иштери тууралуу маалымат берди.

Ал оюндун маданий бөлүгү – этно шаарча, этно базар жана башкалар "Манас Ордо" комплексинин аймагында, ал эми спорттук ат оюндары Р.Алканов атындагы ат майданда, күрөштүн түрлөрү боюнча "Газпром" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өтөөрүн маалымдады. Учурда акыркы даярдык иштери жүрүүдө.

Алтынай Өмүрбекова бардык даярдык иштерин мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды.

"Көчмөндөр оюнунун салтанаттуу бөлүгү президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, премьер-министрдин, өкмөт мүчөлөрүнүн, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда "Манас Ордо" комплексинде өтөт. Ар бир облус маданий программа жана театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтөт. Ошондой эле Талас облусуна чет элдик коноктор, туристтер, өлкөнүн бардык аймактарынан мекендештерибиз келет. Оюнга 10 миңден 20 миңге чейин адам келээри болжолдонууда. Бардыгы жогорку деңгээлде өтүшү керек", - деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр көчмөндөр оюндары Кыргыз мамлекетинин брендине айланды, муну туризмди өнүктүрүү үчүн натыйжалуу колдонуу керектигин белгиледи.

Улуттук көчмөндөр оюндары Талас облусунда 16-21-сентябрь күндөрү өтөт. Он улуттук оюн боюнча мелдештер болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
guli-1980
2019-09-14 10:26:31
Кочмондор оюну бизди кембагал кылып бутмой болду го
+9
AsiaBoy
2019-09-14 11:46:37
Талпынып күнгө кол сунган,
Таласың күтөт кел тууган...Кыргыздарды ынтымакка бириктирген жакшы күн болсун
+3
Erik2018
2019-09-14 12:30:17
Кыргыз эли качан гана оз маданиятын сактаганда гана ишибиз алдыга жылат. Мамлекетибиз өсөт Көчмөндөр оюндары бизге абдан керек.
+2
senchi
2019-09-14 12:39:34
Чек араны кайтаргыла бизге Өзбектерден
+1
altyn-kumush
2019-09-14 13:41:34
Мына ушуну эми саясатташтырбагыла! Бул кыргыздын басып откон жолун эске салып турчу иш-чара. Мунун артынан канчалаган туристтер Колго келди эле
+2
Kyrgyz_bloger
2019-09-14 13:51:37
Бийлик элдин ою менен эсептешпей калды,супер силердин сайтынарга дагы бут бийликти мактагандар катталып алыптыр комментарий жазганына акча алып иштесе керек ким кандай жазат билип деле калдык.
+1
Tyty1990
2019-09-14 18:02:21
Тай казанды биз алып бардык эле. Манипулятор менен
+1
Samatalibei
2019-09-14 20:42:44
Кочмондор ойундун азыр кереги бар беле!Ошол каражатка мектеп салсанар кочмондор ойуну куто турмак!
+1
Samatalibei
2019-09-14 20:47:19
Артыбыз бок той кылып Кыргыз кырылмай болдук! Бироолор тойдо тойлоп журсо,Бироолор ачка тойбой журот!
+1
katerina.li
2019-09-14 21:35:01
Чекараны карагыла андан коро.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан