Кечээ, 14-сентябрда экс-депутат Мээрбек Мискенбаев Ички иштер министрлигине сурак берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мискенбаев билдирди.
Анын айтымында, сурак 2 саатка созулду. "Эмне жөнүндө сөз болгону тууралуу ачык айта албай турган тил катка кол коюп бергем. Негизи 7-8-августтагы окуялар боюнча сөз болду. Суракка дагы чакырыла турганымды айтышты", - дейт Мискенбаев.