Калктын ички миграциясы облустук аралык агымдардын Чүй өрөөнүнө багытталган тенденциясы менен мүнөздөлдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, аймактарда калк туруктуу түрдө азайып бара жатат. "Ички мигранттардын агымы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда басымдуулук кылат. Муну менен бирге, 2018-жылы жалпы миграциянын өсүүсүндө Бишкек шаарынын үлүшү 64,4 пайызды, ал эми Чүй облусунун үлүшү 35,6 пайызды түзгөн. Борбор шаарга облустардан келген мигранттардын 48,9 пайызын 20-34 жаш курактагы жарандардан турат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына ылайык, 2018-жылдын январь жана июнь айынан 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу калктын ички миграциясы 14,4 пайызга төмөндөгөнү белгиленди", - деп жазылат маалыматта.