Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз балбандарынын жыйынтыктары

14-сентябрда Казакстандын борбору Нур-Султанда күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды. Мелдештин алгачкы күндөрү грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтүүдө.

Азырынча кыргыз балбандары медаль жеңе элек.

55 килограммга чейинки салмакта:

Асан Сулайманов алгачкы беттешинде орусиялык Виталий Кабалоев менен кез келип, 0:9 эсебинде жеңилип калды. Каболаев финалга чейин жеткен жок. Андыктан Сулайманов коло медаль үчүн күрөшүүдөн да кол жууду.

63 килограммга чейинки салмакта:

Тынар Шаршенбеков 1/8 финалда болгариялык спортчуну жеңип алган. Чейрек финалда ал япониялык Шинабу Ота менен кез келип, 4:12 эсебинде жеңилди. Ота финалга чейин жеткендиктен, Шаршенбеков коло байге үчүн күрөштү. Алгачкы раундда Беларусь спортчусун жеңип, коло медаль үчүн күрөштө казакстандык Алмат Кебиспаевге 0:9 эсебинде утулуп калды. Жыйынтыгында 5-орунду алды.

72 килограммга чейинки салмакта:

Руслан Царев 1/16 финалда египеттик спортчуну жеңген. 1/8 финалда венгриялык Балинт Корпаши менен кез келип, утулууга мажбур болду. Корпаши финалга чейин жете алган жок, Царев мелдештен четтеп калды.

82 килограммга чейинки салмакта:

Бул салмакта кыргыз балбаны Калидин Асыкеев 1/16 финалдан старт алып, дүйнө чемпиону Максим Манукянга жеңилди. Манукян финалга жетпей жеңилип, Асыкеев күрөшүн токтотту.

Грек-рим күрөшү боюнча беттештер уланууда. Бүгүн, 16-сентябрда 3 салмак категорияда беттештер уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Romantik.
2019-09-16 09:46:19
Калыбек Жолчубеков утат буйруса
+2
Edward.14
2019-09-16 09:59:39
Калыбек бугун курошот экен ийгилик
+1
elb_2121
2019-09-16 10:52:32
Калыбектен башка кучтуурагын корбой жатам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан