Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Атабек Азисбеков Олимпиадага жолдомо утту

Кыргыз балбаны Атабек Азисбеков Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо жеңди. Ал күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча 87 килограмм салмакта килемге чыккан.

Азисбеков 1/8 финалда венгриялык Виктор Лоринцке жеңилип калган. Лоринц мелдештин финалына чыкканы үчүн кыргыз балбаны коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алган.

Бүгүн, 16-сентябрда Азисбеков алгачкы раундда түркмөн балбанын жеңип, андан соң кытайлык балбанды 6:1 эсебинде жеңип алган. Бул жыйынтык менен Азисбеков алдыңкы 6 балбандын катарына кире алды, бул Олимпиадага жолдомо берет.

Бүгүн кечинде Азисбеков коло медаль үчүн өзбек балбаны Рустам Ассакалов менен кез келет.

Бул Олимпиадалык жолдомо Кыргыз өлкөсү үчүн Денис Петрашов жана Юлия Андреевадан кийинки үчүнчүсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aimani
2019-09-16 17:51:05
Азамат. Коло медаль үчүн күрөштө ийгилик каалайм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан