"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы боюнча жарыяланган тендерден кытайлык компания утуп алды

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы боюнча жарыяланган тендерди кытайлык "Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd" компаниясы жеңди. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тендерде үч компания долбоорду ишке ашыруу үчүн төмөндөгүдөй суммаларды сунуш кылышкан.

1. "Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd" - 2 миллиард 654 миллион 558 миң 940 сом;

2. "Вега" - 4 миллиард 802 миллион 338 миң 446 сом;

3. "БИС" - 5 миллиард 67 миллион 794 миң 340 сом.

"Экинчи орунду Орусиялык "БИС" компаниясы алган. Ал эми "Вега" компаниясы карызы жок экендиги жөнүндө маалыматты Социалдык фондго тапшырбаганына байланыштуу четтетилген. Ал эми уткан компанияны УКМК, ИИМ, Транспорт жана жолдор министрлигинин, Бишкек мэриясы жана башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринен түзүлгөн тендердик комиссия жеңүүчү деп тапкан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
plaza85
2019-09-16 18:14:57
Эми кытайга бергиле коопсуздугубузду. Бизде жакшы кадрлар бар ошолорго берсенер деле бутурмок качан Кыргызстан озунун эмгеги менен оз жумуштарыбызды жасайбыз.
+3
Kyrgyz_bloger
2019-09-16 18:20:04
Тендери жок эле башкаларга бербейсинерби кытай деген созду укканда канын кайнай турган болду.
+1
elchi84
2019-09-16 18:30:31
Бул кытайлар ишти чала деле кылып бутуруп койсо деле эчтеке кыла албайсынар ,оозунарды ачып кала бересинер.
+2
Mister-X
2019-09-16 18:42:28
Туалет курса да тендер уюштурат.Биздин кыргыздардын колунан баары келип калган азыр.Акча озубуздо калсын деп ойлобой калышты
+1
oSporte
2019-09-16 19:05:23
Бул камералар аркылуу кытайларга биздин маалыматыбыз түшөт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан