Бүгүн, 17-сентябрь мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Буга чейин КСДПнын өкүлдөрү абактагы Атамбаевдин туулган күнүн кеңири масштабда куттукташарын айтып, Бишкектеги Максим Горький атындагы паркка топтолушарын билдиришкен болчу. Мындай пландар жокко чыгарылганын партиянын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
"Тажикстан менен чек ара маселеси курчуп, 1 адам каза болуп, 10 киши жаракат алган учурда КСДПнын саясий кеңеши буга чейин пландалган концертти өткөрүүнү туура эмес деп эсептейт. Чек арада дагы ызы-чуу токтобой жатканда, көңүл ачуучу кечелерди өткөрүүнүн өзү ал жакта каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарын сыйлабагандыкка жатмак. Мындан улам концертти уюштурбайбыз, массалык иш-чараларды өткөрбөйбүз деген чечим кабыл алынды", - дейт ал.
Мындан тышкары, Жолдубаева Атамбаевге карата куттуктоолор социалдык тармак аркылуу кабыл алынып жаткандыгын, ар бир куттуктоо туулган күн ээсине жеткирилерин жазып, буга чейинки куттуктагандарга ыраазычылык билдирген.