Кыргыз-Тажик чек арасындагы эки тараптын кагылышынан кийин, Максат айылында 150 кожолук тактап айтканда, 750 жашоочу өз үйлөрүн таштап кетишкен. Алар көбүнчө жакын аймактардагы туугандарыныкына кетишкен. Бул тууралуу Лейлек райондук администрациясынын аппарат жетекчиси билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда айылга кээ бир жашоочулар кайтып келишүүдө.
Кечээ, 16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылып, 41 жаштагы чек арачы Равшан Муминов каза болгон. Мындан тышкары, дагы 13 жаран жаракат алган. Ал эми жаракат алгандардын 10у бүгүн тик учак менен Бишкек шаардык ооруканасына алып келинди.