Кыргыз улуттук курама командасынын жана "Дордой" футболдук клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев июль айында Түндүк Кипрдин командасы менен келишим түзгөн. Бирок Мурзаев бул келишимден баш тартып, "Дордойго" кайтып келди.
Кыргыз Премьер-Лигасы билдиргендей, Түндүк Кипрдин чемпиондугу ФИФА тарабынан таанылган эмес. Андыктан, бул чемпиондукта Мурзаев ойносо, улуттук курам үчүн ойной албай калмак.
Мирлан Мурзаев "Дордойго" кайтып келип, 21-турдук оюндун алкагында "Алай" менен беттеште ойноду.