Белгилүү америкалык модель, бизнес айымы, миллиардер Кайли Женнер "Playboy" журналы үчүн жылаңач денесин жука кездеме менен гана жаап, сүрөткө түштү. Журналга арналган сүрөттөрүн ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
Маалыматка ылайык, аталган сүрөттөрдү украиналык сүрөтчү Саша Самсонова тарткан. Фотосессиянын биринчи бөлүгүндө Кайли өзүнүн кызынын атасы Трэвис Скотт менен тартылган. Женнердин сүрөттөрүнө айрымдар суктанса, кээ бири сынга алган.
Басылмалардын бирине берген интервьюсунда модель эч качан аталган журнал үчүн сүрөткө түшөм деп ойлобогонун билдирген. Бирок аталган иштин жыйынтыгы кубантаарлык болгонун да кошумчалаган.