"Ливерпуль" Чемпиондор Лигасын утулуу менен баштады. Биринчи турдун тайпалык этаптарынын биринчи күнү кандай эсептер менен жыйынтыкталды?

Кечээ, 17-сентябрда англиялык "Ливерпуль" командасы Чемпиондор Лигасынын алкагында өткөргөн биринчи оюнунда италиялык "Наполиге" конокто утулду.

Неаполь шаарында өткөн беттеш кожоюндардын пайдасына 2:0 эсеби менен жыйынтыкталды. Биринчи голду пенальти менен 81-мүнөттө жарым коргоочу Дрис Мертенс киргизсе, экинчи голду кошумча убакыт учурунда Фернандо Льоренте киргизди.

"Ливерпуль" менен "Наполи" Е тайпасында ат салышууда, тайпада австриялык "Ред Булл Зальцбург" жана бельгиялык "Генк" дагы бар. Австриялыктар атаандаштарын 6:2 эсебинде жеңди.

F тайпасында Интер жана Славия 1:1 менен тең чыкса, Боруссия (Дортмунд) - Барселона 0:0 тең чыгуу менен жыйынтыкталды.

G тайпасындагы оюндар төмөндөгүдөй эсептер менен жыйынтыкталды:

Лион - Зенит 1:1;

Бенфика - РБ Лейпцигге 1:2 эсеби менен утулду.

H тайпасында Аякс - Лиллди 3:0 эсебинде уткан болсо, Челси - Валенсияга 0:1 эсебинде утулду.

Чемпиондор Лигасынын биринчи турунун тайпалык этаптарынын калган оюндары бүгүн, 18-сентябрда уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kanybek121195
2019-09-18 14:02:52
Псж Реал күчтүү оюн болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан