"Былтыр кыйноолор жөнүндө даттануулардын көбү ички иштер органдарынын кызматкерлерине багытталган" дейт Нурдин Сулайманов

Былтыр кыйноолор жөнүндө даттануулардын көбү ички иштер органдарынын кызматкерлерине багытталган. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы борборго 238 кабарлоо келип түшкөн. Алардын ичинен: кыйноолорду колдонуу жөнүндө - 123, ырайымсыз мамиле жасоолор жөнүндө - 52, кармоо шарттарына даттануулар - 24, башка даттануулар - 39. "Кыйноолор жөнүндө даттануулар менен жазуу жүзүндө келип түшкөн арыздардын көп бөлүгү ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан колдонулган. УКМКнын кызматкерлери колдонгон кыйноолор жөнүндө 6 кабарлоо бар. Прокуратура органдары тарабынан кыйноолорду колдонуу жөнүндө түшкөн 123 арызды кароонун жыйынтыктары боюнча 82 арыз боюнча жазык ишин козгоодон баш тартылган", - дейт Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан