Кыргыз өлкөсүнүн оор атлетчилери 16-28-сентябрь күндөрү Таиландда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат.
Курамга Иззат Артыков менен Бакдөөлөт Расулбеков кирген. Бирок Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдиргендей, Иззат Артыков жаракатынан улам мелдешке катыша албайт.
Анын ордуна Эмиль Молдодосов курамга чакыртылды.