7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү УКМКда көчмө жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүнө документтер топтомун, анын ичинде "өтө жашыруун" делген маалыматтарды тааныштырды. Мамлекеттик комиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, коомдук ишмер Турусбек Коёналиев жана УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди чакыруу чечими кабыл алынды.