Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 12 жаштагы Ислам Айтымбетов изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 15-сентябрь күнү саат 17:30 чамасында Ивановка айылындагы Панфилов көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес.
Бою 155-160 сантиметр, арык дене түзүлүштө, көзү кара, оң жак көзүндө 5 сантиметрге жакын тырыгы бар.
Кийген кийимдери: үстүндө ачык түстөгү кофта, бутуна көк түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Кимде-ким сүрөттөгү баланы көргөн-билген болсо, төмөндөгү телефон номерлерге байланышууну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: (0312) 61-69-07, (0-3132) 5-21-47, 0708 45-78-46, 0701 88-62-95.