Алай районундагы мектептердин биринде, мектеп директору окуучунун жоолугун чечүүгө мажбурлап жаткан видеосу интернетке тарап кеткен. Мектеп директорунун окуучуга карата жасаган мамилеси кызуу талкууга алынган.
Окуянын чоо-жайы боюнча SUPER.KG порталына Алай райондук билим берүү бөлүмү жооп берди.
"Бүгүн, 18-сентябрда Алай райондук билим берүү бөлүмүндө ошол окуяга байланыштуу атайын жыйналыш болуп өттү. Жыйналышка видеодогу мектеп директору, тарбия завучу, класс жетекчиси чакырылган. Экинчи тарап болгон кыздын ата-энеси жыйналышка келүүдөн баш тартты. Жыйналышка айыл өкмөтүнүн башчысы дагы катышты. Окуянын негизги каарманы болгон мектеп директору өкмөттүн №541 токтомуна ылайык чыккан жобонун негизинде иш алып барганын айткан. Жободо окуучулардын бирдиктүү форма кийүүсү тууралуу айтылган. Жетекчилик директорго түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге катуу эскертүү берди. Учурда эки тарап келишип, окуучу кыз мектепке жоолугу менен барып жатат", - деп билдиришти аталган бөлүмдөн.