Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндер арасындагы беттештер старт алды. Анда 62 килограмм салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова эртен, 19-сентябрда килемге чыгат.
Тыныбекова 1/16 финалда мексикалык атаандашы Алехандра Ромеро Бонилья менен кез келет.
Буга чейин кыз-келиндер курама командасынан Мадина Надырова, Нураида Анаркулова жана Айпери Медет кызы жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышты.