Орусиянын Екатеринбург шаарында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. Анда кыргыз мушкерлери медалга илинбей, мелдештен четтеп калышты.
Мелдешке жалпы 6 мушкер катышкан. 81 килограмм салмакта Эркин Адылбек уулу, 57 килограмм салмакта Мунарбек Сейитбек уулу жана 69 килограмм салмакта Абдурахман Абдурахманов мелдештин 1/16 финалында жеңилип калышты.
Арген Кадырбек уулу 63 килограмм салмакта 1/32 финалда утулууга дуушар болду.
52 килограмм салмакта Азат Усеналиев жана 75 килограмм салмакта Өмүрбек Бекжигит уулу 1/8 финалда утулуп калышты.