Түркмөн президенти алабай тукумундагы итке арнап китеп жазды

Ашхабад шаарында өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун “Түркмөндүн алабайы” аталышындагы жаңы китеби жарык көрдү. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазышууда.

Аталган китепте алабай тукумундагы породанын артыкчылыгы, кызыктуу маалыматтар, археологиялык изилдөөлөр жана элдик оозеки чыгармачылыктагы чечмелениши тууралуу камтылат.

Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү китепти Түркмөнстан өлкөсүнүн 27-сентябрь - Эгемендүүлүк күнүнө карата белек болгонун билдиришкен.

Мындан сырткары, аталган иттин породасына арнап президент тарабынан жазылган ырды Түркмөнстандын аскердик бөлүгү хор аткарышкан. Аталган породадагы иттин түрүн Гурбангулы Бердымухамедовдун башка өлкөнүн мамлекет башчыларына дагы белекке берип келет. Алардын ичинде Орусиянын президенти Владимир Путин жана экс-президенти Дмитрий Медведев дагы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Muslim_KGstana.
2019-09-18 19:43:13
Ошондо тирик болуп чыктывы президент же белгисизби дагы эле?
+1
anonymous
2019-09-18 20:24:22
Ит эле президент да машиналарды ак түскө боётуп
0
TIMON_BERKOWITZ
2019-09-19 07:27:32
Бир туруп күлкүм келет, бир туруп боорум ачыйт түркмөндөргө... Президенти клоун. Оюна келгенди жасайт. Китеп жазса баары окуш керек, окубайсыңбы анда камаласың! Менделеев ким десең эч ким билбейт уже. Алабай менен профессор Бердимухаммеддов дүйнөдө баарын ойлоп тапкан алардын оюнда.
+2
titanik32
2019-09-19 09:34:29
Бул киши зээриккен же акылы жайында эмес.Итти коюп өз адамдарынын жашоосу жөнүндө китеп жазса болот го.
+1
ainura220888
2019-09-20 00:34:54
Эми туркмон элинин башына буткон бир балееда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан