Кечээ, 18-сентябрда Чүй облустук милициясы орусиялык жарандын акчасын уурдаганга шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлап, шектүүлөр "Коопсуз шаар" долбоору аркылуу орнотулган видеокамералар аркылуу табылганын белгиледи.
Ага ылайык, 17-сентябрь күнү Ысык-Ата райондук милициясына Орусиянын жараны кайрылып, акчасын уурдагандарды таап, чара көрүүнү өтүнгөн.
"17-сентябрь күнү орусиялык жаран Бишкек-Торугарт жолунда, Ивановка айылында БМВ унаасын айдап бара жаткан. Аны жолдон 2 адам токтотуп, өздөрүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерибиз деп тааныштырып, документтерин, сумкасын көрсөтүүнү талап кылышкан. Ал баштыгын ачып текшерткенде, ал 2 жаран байкатпай 10 миң рубль акчасын уурдап коюшкан. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүүлөр Бишкектен кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле иликтөө иштеринде алар УКМКнын кызматкерлери эместиги белгилүү болду. Учурда бул фактыны Ысык-Ата РИИБи сотко чейинки өндүрүшкө алып, тиешелүү иш-чаралар уланууда.