Ош шаарынын атынан Таластагы көчмөндөр оюнуна катышып жаткандар 11 боз үй тигишти (фото)

Он бир боз үй, кол өнөрчүлөрдүн шаарчасы, этномода жана улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү. Мындай жасалганы Ош шаарынын атынан Таластагы Улуттук көчмөндөр оюну өтүп жаткан жерге орнотушту. Маалыматты Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрда Талас облусундагы "Манас ордо" комплексинде Улуттук көчмөндөр оюнунун урматына этношаарча ачылды. Анын ачылышында, Ош шаарынан келген өкүлдөр 11 боз үй тигишип, кол өнөрчүлөрдүн 15 кичи дүкөнү тигилди.

"Бул жылы Ош шаары өзүнүн кезегинде улуттук тамак-аштардын, улуттук кийимдердин көргөзмөсүн уюштурат. Ал эми чыгармачыл жамаат "Балага ат коюу" каадасын көрсөтүп берет. Жалпысынан Ош шаары 7 сынакка катышат. Ош шаары байыртадан бери эле кол өнөрчүлөрү менен даңкталып келген. Бул саамалыкта да кол өнөрчүлөр жараткан түрдүү кызыктуу буюмдар туристтерди жана конокторду кубантат", - деп жазылат маалыматта.

Улуттук көчмөндөр оюнунун маданий бөлүгүндө өлкөнүн 7 облусу жана Ош, Бишкек шаарлары өздөрүнүн чыгармачылыгын көрсөтүшөт. Алар театрлаштырылган көрсөтүүлөрдү коюшуп, облусун жакшы жагынан көрсөтөт. Маданий бөлүктөгү сынакта жалпы 2 миң киши катышат. Уюштуруучулардын айтымында, Улуттук көчмөндөр оюнуна 10 миң адамдын келүүсү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Ulik-real
2019-09-19 10:50:00
Кайран акча.бийлик апарды буларды зордуктап Бут оздорунун чонтогунон бийлик толосо да бир жон атак барбайт болчу.
+3
katerina.li
2019-09-19 10:58:27
Кереги жок оюн,ашыкча чыгым. Элдин унун уккан бийлик жок
+4
Eli.91
2019-09-19 12:15:08
Ушуга кеткен чыгымды инвалиттердин пенсиясына кошсо болмок.Канчалык аларга пайдасы тиймек.Ушу Кыргыз эли керексиз нерселерге эле акча коротуп журо берет.Андан коро бир пайдалуу иш кылсанар.
+3
katerina.li
2019-09-19 14:41:55
Той аш,маараке токтолушу керек. Баланчанын тукунчо жылы,тукунчонун баланча жылы деген тушунукту азайтыш керек.
+1
aida007
2019-09-19 15:29:22
katerina.li,эн туура кыргыздын тою бутпойт не кереги бар???
+2
aida007
2019-09-19 15:29:43
Ашыкча чыгым Бекер эле
0
aida007
2019-09-19 15:31:28
Уялсанар Боло???Кочмон сочмон не кереги бар ушундай нерселердин бюджетте дефицит болгондо социалдык иш чараларга чектоо ктргизиш керек!!!!!
+1
aerforce
2019-09-19 15:59:18
Той деп эле жыргайберчү калк экенбизда тойлоп жүрүп коңшулар акырындап кирип жатат тойдун болгону жакшы бирок чеги менен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан