Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда бүгүн, 19-сентябрда 62 килограмм салмакка чейинки категорияда Айсулуу Тыныбекова килемге чыкты.
1/16 финалдык беттеште Тыныбекова мексикалык атаандашы Алехандра Бонилья менен кез келди. Кыргыз балбаны 8:0 менен жеңишке жетишти.
1/8 финалда Тыныбекова япон балбаны Юкако Каваи менен кез келет.