Бүгүн, 19-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаевди моралдык жактан колдоо үчүн баргандыгын Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын жыйынында билдирди.
"Кой-Таш айылында ызы-чуу болуп жатат дегенинен, эл менен кошо Алмазбек Атамбаевдин резиденциясына жол алдык. Резиденцияга 100 метр жетпей, кагылышуу болуп жатыптыр. Жалаң жаш балдар. Ок атылып жатат. Ары жакта камуфляжчандар да бар экен. Мен элге барып "ок атылбасын!" дедим. Ошол убакта кулак тундуруучу граната жарылды. Андан кийин эле бутума ок тийип, жаракат алдым. Анан мени ал жактан алып чыгып кетишти. Андан аркы окуяларды мен жаңылыктардан эле көрүп жаттым", - деди ал.
Ал эми комиссия мүчөсү "сиз мурдагы УКМКнын жетекчиси катары "Альфа" кызматына кандай баа бересиз?" деп сурады. Сегизбаев "этикалык негиздерге жатпайт, мен бул боюнча жооп бербей эле коёюнчу" деди.
Ошондой эле Сегизбаев Кой-Таш айылындагы айылдаштарына мал союп бергенин айтты.