Күрөш боюнча Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты. Ал 62 килограмм салмак ченинде күч сынашууда.
Анын финалдагы атаандашы Болгариянын балбаны Тайбе Мустафа Юсейн. Юсейн 28 жашта, учурдагы дүйнө чемпиону.
Юсейн 2018-жылы Каспийскте Европа чемпиону аталса, ошол эле жылы Будапешт шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медалды жеңип алган.
Финалдык беттеш эртең, 20-сентябрда өтөт.