"Ал мектеп формасын кийип жүргөн". Бишкекте 12 жаштагы Саид Бебеза изделүүдө

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы 12 жаштагы Бебеза Саид Идрисовичке издөө жарыялайт. Бул тууралуу ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрь күнү Бишкектеги Свердлов РИИБине шаардын жашоочусу кайрылып, арызында уулу дайынсыз болуп жатканын жазган. Ага ылайык, уулу 16-сентябрь күнү саат 15:00 чамасында Дордой конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келе элек.

Учурда баланын жүргөн жери белгисиз. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Саид Бебезанын белгилери: бою 145-150 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кыска, кара.

Ошол күнү мектеп формасын - ак көйнөк, кара шым, бутуна кара түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн. Аны көргөн-билгендер болсо же ал тууралуу маалыматы барлар (0553) 102387, (0702) 228505, (0702) 498888, (0552) 102743 жана 102 номерлерине байланышып коюуну Бишкек ШИИББи өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asdef
2019-09-20 09:03:00
Ону кыргызга окшош аты кыргыз эмес ко дунган окшойт
0
isarti
2019-09-20 09:44:25
Уйгур
-1
muras111211
2019-09-20 09:58:46
Аман Эсен табылып калсын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан