Бишкекте 8-9-август күндөрү массалык башаламандыкта "Коопсуз шаар" долбоорунун камераларын талкалаган шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-9-августта балдардын тобу Аалы Токомбаев жана 7-апрель көчөлөрүндө коомдук тартипти бузуп, жолду тосуп, жолдо өтүп бара жаткан унааларды токтотуп, текшерип айдоочуларды коркуткан.
"Шектүүлөр ИИМдин бир нече кызматтык унаасын зыянга учуратып, камераларды талкалашкан. Окуядан кийин алар качып кетишкен. Бул окуянын кесепетинен 3 миллион сомдук зыян келтирилген, ошондой эле факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам иш-чараларынын негизинде бул окуяга шектүү катары 26 жаштагы М.С. аттуу жаран кармалган. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Милиция учурда башка дагы шектүүлөрдү издеп жатат. Кармалган шектүүдөн жабыркагандар болсо, милиция кызматкерлери төмөндөгү номерлерге байланышып коюну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0505 39-88-00, 0550 10-25-99.