Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Оренбург шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарланды.
Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен бир күндүк жумушчу сапарда болот. Ал Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кургак жер аскерлер топторунун катышуусунда, биргелешкен практикалык иш-аракеттер өтө турган Оренбург шаарына барат. Анда Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн аскердик бөлүктөрүнүн “Борбор-2019” биргелешкен машыгуулары өтүп жатат.
"Машыгуулардын негизги максаты – азыркы мезгилдин шарттарында аскердик аракеттерди жүргүзүүгө үйрөтүү, союздаш мамлекеттердин аскердик башкаруу органдарынын ыкчам шайкештигин жогорулатуу. Ошондой эле Кыргыз өлкөсү жана Орусиянын башчылары жолугушуу өткөрүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселелерин дагы талкуулашат.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, Кыргыздын Орусиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов бар", - деп жазылат маалыматта.